Бишкектин айрым аймагында эртең таза суу жок болот. Мэриянын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 8ге чейин суу Ахунбаев, Токтоналиев, Шакиров, Чыңгыз Айтматов көчөлөрүн жана Ала-Арча дарыясын бириктирген бөлүктө өчүрүлөт.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.