Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен курулуп жаткан 4 мектеп жайга чейин колдонууга берилет.
Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, кеп Нарын облусундагы Бугучу айылындагы, Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Ата айылындагы жана Ош облусундагы Маданият, Чек-Абад айылдарындагы мектептер тууралуу болуп жатат.
Ар бир билим берүү мекемеси 150 орунга эсептелген. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда аталган фонд тарабынан жалпысынан 27 мектеп курулууда. Бул максатта 25 миллион доллар бөлүнгөн.