Пекин шаары миллиардерлердин борбору

Пекин шаары миллиардерлердин борбору. Forbes басылмасынын маалыматына ылайык, Кытайдын ордо калаасында ашкере бай адамдардын саны 133кө жетти. Экинчи орунда 106 миллиардер менен Нью-Йорк жайгашат.

 

Пекиндин эң бай тургуну Чжен Иминь, ал TikTok компаниясына ээ болгон ByteDance компаниясынын негиздөөчүсү. Анын байлыгы 35 миллиард 6 миллион долларга жетет. Нью-Йорктогу эң бай адам экс-мэр жана ишкер Майкл Блумберг. Анын байлыгы 59 миллиард долларды түзөт.