Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрүү бекеттеринде убактылуу чектөөлөр киргизилет. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 1-майдан 4-майга чейин андан жүк ташуучу унаалар өткөрүлбөйт.
Бул Кытайда Эмгек күнү майрамдалганына байланыштуу. Түйүндөр кадимки режимде ишин 5-майда жандантат.