Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине 70 миң сомдон берилет

Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине 70 миң сомдон берилет. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 146 Улуу Ата Мекендик согуш ардагери жашайт.

 

Алардын катарында, согуштун майыптары, концлагер туткундары, Ленинград блокадачылары, оруктун эмгекчилери, эмгек армиячылары жана согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсү бар. Кошумчаласак, согушка 365 миң кыргызстандык катышкан, алардын 115 миңи майдандан кайтпай калган.