Бишкекте “Спутник V” вакцинасы менен эмдөө №2, 6 жана 7 үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлүүдө

Бишкекте “Спутник V” вакцинасы менен эмдөө №2, 6 жана 7 үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, россиялык препарат 65 жаштан жогорку жана тубаса оорулары бар болгон жарандарга гана жеткиликтүү.

 

Башка каалоочуларга кытайлык “Синафарм” вакцинасы менен эмдөө жасалат.

 

Эске салсак, Кыргызстанга “Спутник V” вакцинасынын биринчи партиясы өткөн жумада жеткирилди. Апрель – май   айларында дагы 60 миң доза келет.