Баткен облусунда чегирткеге каршы күрөшүү иштери башталды

Баткен облусунда чегирткеге каршы күрөшүү иштери башталды. Айыл-чарба министрлигинен билдиришкендей, аймакта личинкаларды изилдөө учурунда 4 миң 300 гектар жерден чегирткенин уюгу табылды. Бүгүнкү күндө 3 миң гектарга жакын аятка химиялык аралашма чачылды. Аянттар Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондоруна туура келет. Эгинге терс таасирин тийгизген зыянкечтер… Кененирээк…

Кытай Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөттү

Кытай Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөттү. Коргоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, биздин өлкөгө аскердик, жарандык унаалар жана башка техникалык жабдуулар тапшырылды. Жардам кайтарымсыз негизде берилди. Аскердик-техникалык колдоо эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосунда кол коюлган келишимдин алкагында көрсөтүлдү.