Бүгүн, 27—майда “Китепкана күнү” белгиленет

Бүгүн, 27—майда, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында “Китепкана күнү” белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында министр Кайрат Иманалиев бир катар китепкана кызматкерлерине сыйлыктарды жана белектерди тапшырат. Иш-чарага республикалык, шаардык, райондук китепкана жетекчилери… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров 27-29-майда иш сапары менен Баткен жана Ош облустарына барат

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 27-29-майда иш сапары менен Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. Мамлекет башчысы чек ара айылдарынын тургундары менен жолугушуп, мамлекеттик чек ара тикелерин делимитацилоо жана демаркациялоо процессин тездетүү максатында кырдаал менен түздөн түз жеринде таанышат.

UEFA «Реал», «Барселона» жана «Ювентус» клубдарына каршы иш козгоду

UEFA «Реал», «Барселона» жана «Ювентус» клубдарына каршы иш козгоду. Клубдарга көрүлгөн мындай чара Суперлигадан чыгуудан баш тарткандыгы үчүн. Алар УЕФАнын нормативдик-укуктук базасын бузууга шектелүүдө. Бирок аталган клубдар UEFA тараптан кысымга карабай заманбап футболдо реформа кылуу керек экенин билдиришти. Эске салсак, европалык Суперлига континенттеги 20 мыкты… Кененирээк…

АКШ Газаны калыбына келтирүүгө жардам берет

АКШ Газаны калыбына келтирүүгө жардам берет. Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен билдиргендей, Иерусалимдеги консулдукту кайра ачуу процесси каралат. Буга чейинки консулдук мурдагы президент Доналд Трамптын учурунда жабылган Андан тышкары, быйыл палестиналыктарга 112 миллион доллар берилет. Каражат экономикалык колдоого, Газаны калыбына келтирүүгө жана Бириккен Улуттар Уюмунун Палестинага… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш комитети «Эреже бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңештин унаа жана курулуш боюнча комитети «Эреже бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Мыйзам долбоор «Коопсуз шаардын» алкагында айыптын көлөмүн азайтуу максатында иштелип чыккан. Алсак, биринчи категориядагы эреже бузуунун 5 түрү боюнча айыпты азайтуу сунушталды. Эгер айдоочу 1 миң… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн  Балыкчы шаарында электромобиль чыгарган завод куруу пландалууда

Ысык-Көлдүн  Балыкчы шаарында электромобиль чыгарган завод куруу пландалууда. Калаа мэриясынын маалыматына караганда, кореялык инвесторлор электромобилдерди 10 жылдык кепилдик менен өндүрөт. Завод үч этап менен иш алып барат. Биринчиде – 65 миң, экинчи этапта – 300 миңден ашык жеңил унаа жана минивэн классындагы машиналарды өндүрүү пландалууда.… Кененирээк…

Бишкекте эки аялдамада коомдук унаалардын жүрүү картасы орнотулду

Бишкекте эки аялдамада коомдук унаалардын жүрүү картасы орнотулду. Схемалар “Филамония” жана “Детский мир” аялдамаларында пайда болду. Эми жүргүнчүлөр картаны карап, транспорттун багытын анык билсе болот. Ошондой эле анда “Тулпар” картасынын сатуу бөлүмдөрү дагы  көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын «Акыркы көч» тасмасы эл аралык кинофестивалга катышат

Кыргызстандын «Акыркы көч» тасмасы эл аралык кинофестивалга катышат. Иш-чарага биздин өлкөдөн тышкары Япония, Вьетнам, Кытай, Иран, Корея, Түркия, Иордания, Палестина жана Катар мамлекеттеринин кинокартиналары катышат. Тасманын режиссёрлору — Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу. Иш-чара Ирандын Тегеран шаарында аралаш форматта 26-майдан 2-июнга чейин өтөт. Кошумчаласак,… Кененирээк…

Чек арадагы куралдуу кагылыштан жабыркагандарга 1-июндан тартып акысыз курс жана вебинарлар өтүлөт

Чек арадагы куралдуу кагылыштан жабыркагандарга 1-июндан тартып акысыз курс жана вебинарлар өтүлөт. “Баткенге жардам” долбоорунун алкагында ушул шейшембиде Онлайн университет ишин баштайт. Иш-чараны уюштуруучулардын айтымында, вебинарлар жарандарды жаңжалдан кийинки нормалдуу жашоого кайтарууга, мындан аркы чыр-чатактын алдын алууга, жарандык коргонуунун ыкмаларын үйрөтөт. Андан тышкары, балдардын чек… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө бүгүн таза суу өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө бүгүн таза суу өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, саат 9дан кечки 7ге чейин Тыналиев, Миңжылкыев, Бах, Ротор көчөлөрүн бириктирген бөлүктө суу жок болот. Убактылуу өчүрүү суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.