Бишкекте маршруттук таксилерде жол кирени көтөрүү маселеси сентябрда чечилет

Бишкекте маршруттук таксилерде жол кирени көтөрүү маселеси сентябрда чечилет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов убадалагандай,  тарифтерди өзгөртүү чечимин шаардык кеңеш күздүн биринчи айында карайт.

 

Ал эми компаниянын өкүлдөрү буга макул болуп, маршруттук таксилердин айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзөрүн билдиришти.

 

Белгилеп кетсек, учурда деле калаа көчөлөрүндө коомдук унаалардын тартыштыгы бар. Калаа тургундарын автобус жана троллейбустар ташып жатат.