Бишкектин бир бөлүгүндө 5-июнда таза суу өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө 5-июнда таза суу өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, бул күнү эртең мененки саат 8ден кечки 10го чейин Ауэзов, Шабдан Баатыр, Исакеев, Валиханов, Лев Толстой, 7-апрель көчөлөрүндө, Төкөлдөш конушунда суу жок болот.

 

Шаар тургундарына сууну запастап алуу сунушталат. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.