Адистер бишкектиктерге суу ысытуучу шаймандарды өчүрүү керектигин эскертет

Адистер бишкектиктерге суу ысытуучу шаймандарды өчүрүү керектигин эскертет. “Бишкек жылуулук тармагынан” билдиришкендей,  ордо калаада эртең ысык суу берилип баштайт.   Эгер бир эле батирде суу ысытуучу каражат иштеп жаткан болсо, жалпы көп кабаттуу үйгө ысык суу берүү процесси таталданат. Кандайдыр бир маселелер жаралса, керектөөчүлөр 1980… Кененирээк…

Баткен облусунда социалдык объектилердин курулушу жана оңдоо иштери уланууда

Баткен облусунда социалдык объектилердин курулушу жана оңдоо иштери уланууда. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, жумуштар Баткен жана Лейлек райондорунда жүрүп жатат.   Объектилердин тизмесинде мектептер, бала бакчалар, ФАПтар жана башка мекемелер бар.   Ведомство жетекчиси Уланбек Калманбетов Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгына иштердин… Кененирээк…

Бишкекте карантиндик чектөөлөр киргизилбейт, бирок көзөмөл күчөтүлөт

  Бишкекте карантиндик чектөөлөр киргизилбейт, бирок көзөмөл күчөтүлөт.   Вице-мэр Виктория Мозгачеванын айтымында, кафе-ресторан, кинотеатр, балдар аянттарын жана башка жайларды 50 пайызга гана толтуруу эрежеси күчөтүлөт.   Рейддер уюштурулуп, эрежелердин аткарылышын көзөмөлдөөчү мобилдик топтордун саны көбөйтүлдү. Коронавируска кабылгандар соңку учурда Бишкекте көбөйүп жатканына байланыштуу кошумча… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө бүгүн электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө бүгүн электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Щербаков, Ибраимов көчөлөрүндө, Жибек Жолу проспектинде, Жал, 10-кичи райондордо жана Калыс-Ордо, Ак-Ордо, Көк-Жар конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Эртең бишкектиктердин батирлерине көптөн күткөн ысык суу берилип баштайт

Эртең бишкектиктердин батирлерине көптөн күткөн ысык суу берилип баштайт. Белгилеп кетсек, ордо калаанын көп кабаттуу үйлөрүндө ысык суу 17-майда 1 айга өчүрүлгөн.   Бул убакыт аралыгында “Бишкек жылуулук тармактарынын” адистери түтүктөрдү, буу казандарды кайра калыбына келтирип, күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүшөт.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту Азиз Суракматовдун жактоочусунун даттануу арызын карады. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин мурдагы мэрдин жактоочусу Биринчи Май райондук сотунун аны камакта калтыруу чечимин жокко чыгарууну суранган. Жактоочу баш коргоо чарасы камакка алуу түрү менен байланышпаган чара көрүү өтүнүчүн… Кененирээк…