Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту Азиз Суракматовдун жактоочусунун даттануу арызын карады. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин мурдагы мэрдин жактоочусу Биринчи Май райондук сотунун аны камакта калтыруу чечимин жокко чыгарууну суранган. Жактоочу баш коргоо чарасы камакка алуу түрү менен байланышпаган чара көрүү өтүнүчүн келтирген.

 

Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

 

Маалымат үчүн:

Буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту Суракматовду УКМКнын СИЗОсунда 28-июлга чейин камакта калтырган.

26-майда Азиз Суракматов УКМКга «мыйзамсыз баюу» фактысы боюнча күбө катары чакырылып, кийин кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.