Баткен облусунда социалдык объектилердин курулушу жана оңдоо иштери уланууда

Баткен облусунда социалдык объектилердин курулушу жана оңдоо иштери уланууда. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, жумуштар Баткен жана Лейлек райондорунда жүрүп жатат.

 

Объектилердин тизмесинде мектептер, бала бакчалар, ФАПтар жана башка мекемелер бар.

 

Ведомство жетекчиси Уланбек Калманбетов Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгына иштердин мөөнөтүн жана сапатын сактоону жана имараттарды өз убагында колдонууга берүү үчүн 2 смен менен иштөөнү тапшырды.