Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Японияга утулгандан кийин дүйнө чемпионатына күрөшүү укугунан ажырады

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Японияга утулгандан кийин дүйнө чемпионатына күрөшүү укугунан ажырады.   Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.   Команда тайпа ичинде үчүнчү орунду ээледи. Кийинки тандоо этабына Япония жана Тажикстан чыкты. Белгилүү болгондой, 24-июнда Азия Кубогунун квалификациялык раундуна чүчү кулак өтөт. Плей-офф беттештери сентябрь,… Кененирээк…

Электр энергиясы эле эмес, суу дагы

Электр энергиясы эле эмес, суу дагы. Энергетика министрлиги жылуулук жана ысык сууга тарифтерди дагы 25 пайызга көтөрүүнү сунуштады.   Алсак, жылуулукка калк бир гигакалорийге 1 миң 134 сомдун ордуна 1 миң 418 сомдон төлөп калат.   Ал эми ысык суунун тарифи 981 сомдон 1 миң… Кененирээк…

Сузакта шахта урап, 2 адам каза тапты

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Өрүктү тилкесинде 15-июнда шахта урап 46 жана 44 жаштагы эки киши мерт болду.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы куткаруучулар маркумдардын сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкенин билдирди. Көбүнчө Баткен, Жалал-Абад облустарында тургундар шахтадан өз алдынча көмүр казып каза болгон учурлар бар.

Криштиану Роналду Европа чемпионаттарынын тарыхындагы мыкты бомбардир аталды

Криштиану Роналду Европа чемпионаттарынын тарыхындагы мыкты бомбардир аталды. Кечээ өткөн Португалия-Венгрия беттешинде футболчу дагы 2 гол киргизип, өзүнүн көрсөткүчүн 11 топко чейин жеткирди. Муну менен ал буга чейинки рекордчу Мишель Платинини артта калтырды.   Андан тышкары, Роналду катары менен    5 Европа чемпионатына катышкан жалгыз… Кененирээк…

Владимир Путин кайрадан мигранттардын Россияда жүрүү мөөнөтүн узартты

Владимир Путин кайрадан мигранттардын Россияда жүрүү мөөнөтүн узартты. Буга чейин документ 2020-жылдын декабрына чейин болсо, Путин аны 2021-жылдын 15-июнуна чейин узарткан.   Бул дата жакындап калганда миграция борборлорунда Россияда убактылуу жүрүү уруксаатын узартууну каалагандардан узун кезектер жаралды.   Андан улам, мөөнөт 30-сентябрга чейин жылдырылды. Тагыраак… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде медициналык кабинеттер пайда болушу мүмкүн

Кыргызстан мектептеринде медициналык кабинеттер пайда болушу мүмкүн. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул ар кандай оорусу бар балдарга мектепке келип окуусуна шарт түзөт.   Мед.кабинеттер 2022-23-окуу жылында ачылат деп пландалууда. Ошондой эле, мектеп штатына медициналык кызматкер бекитилет. Тиешелүү кабинеттерди түзүүгө жалпысынан 387 миллион сом талап… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын кайра шайлоонун жыйынтыгы 24-июлга чейин чыгарылат

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын кайра шайлоонун жыйынтыгы 24-июлга чейин чыгарылат. БШКнын маалыматына ылайык, ага чейин бюллетендерди кол менен саноо жүргүзүлүп, отурумдар өткөрүлүп, шайлоого катышкан добуш берүүчүлөрдүн тизмеси илинет.   24-июлдан кийин БШК жыйынтыкты ММКларга берип, аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитет.   Расмий жыйынтык июлдун аягына чейин… Кененирээк…

Энергетика министрлиги калк үчүн электр энергиясынын бирдиктүү тарифин киргизүүнү сунуштады

Энергетика министрлиги калк үчүн электр энергиясынын бирдиктүү тарифин киргизүүнү сунуштайт – 1 киловатт-саатка 1 сом 9 тыйын.   Бул тууралуу ведомство жетекчиси Доскул Бекмурзаев жарыялады. Анын айтымында, муну менен электр энергиясына баалар 32 тыйынга же дээрлик 42 пайызга кымбаттайт.   Анын ортосунда калктын басымдуу бөлүгүнө… Кененирээк…

Европа Чемпионатынын алкагында Франция курамасы немистерди утуп алды

Европа Чемпионатынын алкагында Франция курамасы немистерди утуп алды. Мюнхенде өткөн беттеш 0:1 эсебинде жыйынтыкталды. Оюндун 20-мүнөтүндө өз дарбазасына голду Германия курамасынын коргоочусу Матс Хуммельс киргизип алды.   Ал эми Европанын учурдагы чемпиону Португалия Венгрияны 3:0 эсебинде утту.

Бишкекте көчөлөрдү калыбына келтирүү иштери уланууда

Бишкекте көчөлөрдү калыбына келтирүү иштери уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, учурда жумуштар Исакеев, Армейский, Пишпек, Леваневский, Васильев жана Кахов көчөлөрүндө жүрүп жатат. Аларда бордюрлар орнотулуп, жол катмары жаңыртылууда.   Андан тышкары, Калыс-Ордо конушунда “жаткан полиция” орнотулуп, 12-кичи райондо чуркоо жолчосу жана футбол талаасы курулуп жатат.