Бишкекте карантиндик чектөөлөр киргизилбейт, бирок көзөмөл күчөтүлөт

 

Бишкекте карантиндик чектөөлөр киргизилбейт, бирок көзөмөл күчөтүлөт.

 

Вице-мэр Виктория Мозгачеванын айтымында, кафе-ресторан, кинотеатр, балдар аянттарын жана башка жайларды 50 пайызга гана толтуруу эрежеси күчөтүлөт.

 

Рейддер уюштурулуп, эрежелердин аткарылышын көзөмөлдөөчү мобилдик топтордун саны көбөйтүлдү. Коронавируска кабылгандар соңку учурда Бишкекте көбөйүп жатканына байланыштуу кошумча стационарлар ачылды, — деди вице-мэр.