Эртең бишкектиктердин батирлерине көптөн күткөн ысык суу берилип баштайт

Эртең бишкектиктердин батирлерине көптөн күткөн ысык суу берилип баштайт. Белгилеп кетсек, ордо калаанын көп кабаттуу үйлөрүндө ысык суу 17-майда 1 айга өчүрүлгөн.

 

Бул убакыт аралыгында “Бишкек жылуулук тармактарынын” адистери түтүктөрдү, буу казандарды кайра калыбына келтирип, күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүшөт.