ПЦР-тесттин  жасалма тастыктамасын сатууга шектелген эки адам кармалды

ПЦР-тесттин  жасалма тастыктамасын сатууга шектелген эки адам кармалды.   Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 25 жаштагы эки жаран Ысык-Ата райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды.   Тергөө жүрүүдө. Эске салсак, буга чейин журналисттер чет өлкөгө чыгып жаткандарга кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрүү… Кененирээк…

Баткенде “Раззаков-Арка” электр кубатын берүү линиясы жана “Раззаков” көмөкчү чордону ишке киргизилди

Баткенде “Раззаков-Арка” электр кубатын берүү линиясы жана “Раззаков” көмөкчү чордону ишке киргизилди. Бул тууралуу президент администрациясынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, линиялардын жалпы узундугу 51 чакырымды түзөт.   Андан тышкары, “Арка” подстанциясын калыбына келтирүү иштери дагы аяктады. Энергетикалык жаңы инфраструктуранын ишке киргизилиши Лейлек районундагы Арка массивин… Кененирээк…

Түркмөнстандын президенти алтын күрөк менен урпактарга алтын билдирүү калтырды

Түркмөнстандын президенти алтын күрөк менен урпактарга алтын билдирүү калтырды. Гурбангулы Бердымухамедов өз колу менен пайдубалга алтын капсуланы салып, алтын күрөк менен алтын арабадан бетондун биринчи бөлүгүн куйду.   Бирок бетон алтын эмес, жөнөкөй болуп калды. Буга башка чиновниктер жана жергиликтүү тургундар күбө болуп, президентти алкап… Кененирээк…

Кабулдан учуулар калыбына келтирилди

Афганистандын Кабул эл аралык аэрпортунун айланасында 26-августта ондогон адамдын өмүрүн алган жардыруудан кийин 27-августта эртең менен адамдарды эвакуациялоо иштери кайрадан жанданды.   Кабулдун тургундары учуулар калыбына келтирилип, учактар учуп жатканын көрүп жатышканын ырасташты. АКШ президенти Жо Байден 26-августтагы Кабул аэропортундагы кандуу террор Афганистандан адамдарды эвакуациялоо… Кененирээк…

Лейлек районунун Максат айылында жаңы турак-жайлар колдонууга берилди

Лейлек районунун Максат айылында жаңы турак-жайлар колдонууга берилди. Президенттин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, аларда 84 үй-бүлө жайгаштырылды.   Баткен районунда дагы 40 үйдүн курулушу сентябрдын ортосунда жыйынтыкталат. Чек ара жаңжалында жабыркагандарга ошондой эле зарыл эмеректерди сатып алууга  каражат берилет.

Кыргызстанга кытайлык Синофарм вакцинасынын дагы 500 миң дозасы жеткирилет

Кыргызстанга кытайлык Синофарм вакцинасынын дагы 500 миң дозасы жеткирилет.   Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень менен жолугушуусунда белгилүү болду.   Дипломаттын айтымында, препарат гуманитардык негизде тапшырылат. Андан тышкары, Кытай дүйнөлүк COVAX программасынын алкагында дагы 40 миң… Кененирээк…

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Ош шаарындагы негизги туу жаңыланды

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Ош шаарынын борбордук аянтындагы негизги туу жаңыланды. Бул тууралуу калаа жетекчилигинин маалымат кызматынан кабарлады. Билдирүүгө караганда, Ош шаарында жайгашкан бардык мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда илинип турган мамлекеттик атрибуттарды алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Анын алкагында бүгүн, 27-август күнү, Ош шаарынын борбордук аянтында… Кененирээк…

Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүп, рекорд койду

Кыргызстандык спортчу, 21 жаштагы суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдү беш күн ичинде узунунан сүзүп өтүп, рекорд койду. Спортчунун 22-августта Караколдон башталган марафону бүгүн 27-августта Балыкчыда ийгиликтүү жыйынтыкталды.   Көл жээгинен аны Жогорку Кеңештин депутаттары, демөөрчүлөр, жергиликтүү коомчулук өкүлдөрү, жакындары тосуп алышты.   Сууда сүзүү боюнча спорт… Кененирээк…

Коронавирустан вакцина алып, дароо миллионер болду

Коронавирустан вакцина алып, дароо миллионер болду.   АКШнын тургуну бийлик уюштурган лотереядан 2 миллион доллар утуп алды. Утуш вакцина алгандар арасында гана ойнотулду.   Белгилеп кетсек, андан тышкары, АКШ массалык эмдөө ийгиликтүү өтүшү үчүн жарандарды тамак аш же суусундук, концерттерге билеттер же туристтик жолдомолор менен… Кененирээк…

Нарында Кыргызстандын 30 жылдыгына карата шырдак фестивалы өттү

Нарында Кыргызстандын 30 жылдыгына карата шырдак фестивалы өттү.   Эң мыкты деген наамга Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын 80 жаштагы тургуну Гүлай Мамбеталиеванын эмгеги татыктуу болду.   Ага 50 миң сом тапшырылды. Экинчи орунду Кызыл-Туу айылынын жашоочусу Орозбүбү Мамбеталиева ээлеп, 40 миң сом алды. Үчүнчү орунду… Кененирээк…