ПЦР-тесттин жасалма тастыктамасын сатууга шектелген эки адам кармалды.
Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 25 жаштагы эки жаран Ысык-Ата райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Тергөө жүрүүдө. Эске салсак, буга чейин журналисттер чет өлкөгө чыгып жаткандарга кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрүү бекетинде жасалма ПЦР-тесттин таза жыйынтыгы 3 миң сомго чейин сатылып жатканын аныкташкан.