Кыргызстанга кытайлык Синофарм вакцинасынын дагы 500 миң дозасы жеткирилет

Кыргызстанга кытайлык Синофарм вакцинасынын дагы 500 миң дозасы жеткирилет.

 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень менен жолугушуусунда белгилүү болду.

 

Дипломаттын айтымында, препарат гуманитардык негизде тапшырылат. Андан тышкары, Кытай дүйнөлүк COVAX программасынын алкагында дагы 40 миң доза вакцина берүүгө даяр. Эске салсак, буга чейин аталган өлкө кайтарымсыз негизде Кыргызстанга 300 миң доза Синофарм препаратын тапшырган.