Кабулдан учуулар калыбына келтирилди

Афганистандын Кабул эл аралык аэрпортунун айланасында 26-августта ондогон адамдын өмүрүн алган жардыруудан кийин 27-августта эртең менен адамдарды эвакуациялоо иштери кайрадан жанданды.

 

Кабулдун тургундары учуулар калыбына келтирилип, учактар учуп жатканын көрүп жатышканын ырасташты.

АКШ президенти Жо Байден 26-августтагы Кабул аэропортундагы кандуу террор Афганистандан адамдарды эвакуациялоо ишине тоскоолдук жарата албастыгын билдирди.

 

Кабул аэрпортуна жакын жердеги жанкечтилердин эки жолку жардыруусунун кесепетинен жүздөй адам каза таап, жүз элүүдөн кем эмес киши жаракат алган. Алардын арасында чет элдик жарандар жана аэрпортту кайтарган америкалык аскерлер дагы бар.

Бул жардыруулар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу моюнуна алды.