Нарында Кыргызстандын 30 жылдыгына карата шырдак фестивалы өттү.
Эң мыкты деген наамга Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын 80 жаштагы тургуну Гүлай Мамбеталиеванын эмгеги татыктуу болду.
Ага 50 миң сом тапшырылды. Экинчи орунду Кызыл-Туу айылынын жашоочусу Орозбүбү Мамбеталиева ээлеп, 40 миң сом алды. Үчүнчү орунду Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургуну Бугалча Ганиева ээледи. Белгилеп кетсек, фестивалдын жеңүүчүлөрү жасаган шырдактар музейлерге өткөрүлүп берилет.