Жаңы окуу жылында башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берилет

Жаңы окуу жылында башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берилет. Бул тууралуу Novosti.kgге билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, өлкө боюнча дээрлик 2 миң 300 мектеп болсо, 15-сентябрдан тартып анын 1 миң 635инде 1-класстан 4-класска чейинкилер үчүн ысык тамактар уюштурулат. Бул максатта… Кененирээк…

Шайлоого карата бир мандаттуу талапкерлерди көрсөтүү башталды

Шайлоого карата бир мандаттуу талапкерлерди көрсөтүү башталды. Процесс добуш берүүгө 45 күн калганда аяктайт, — деп билдиришти БШКдан. Андан белгилешкендей, саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округунда бир гана талапкерин көрсөтө алат. Ал эми өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер БШКга арыз менен кайрылышы керек. Жалгыз талапкер бир гана… Кененирээк…

Бул жума Кыргызстан аймагында аба табы ысык болот

Бул жума Кыргызстан аймагында аба табы ысык болот. Алдыдагы 10 күн бою жылуу жана кургак аба-ырайы турукташат.   Синоптиктер ишендиргендей, Бишкекке бир жумага жай кайтып келет – күндүз температура +28, ал эми түнкүсүн 15 градустан төнөн түшпөйт.   Жаан-чачын жана шамал күтүлбөйт.

Жайындагы кургакчылыктан улам, дыйкандар түшүмдү эки эсе аз жыйнады

Жайындагы кургакчылыктан улам, дыйкандар түшүмдү эки эсе аз жыйнады.   Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жогорку температура жана жаан-чачындын аз болушу, суунун жетишсиздиги дан эгиндеринин түшүмүн кыскартты.   Алсак, буудай чогултуу 45 пайызга, арпа – 55 пайызга, картөшкө 10, башка өсүмдүктөр 2,4 пайызга азайды. Улуттук… Кененирээк…

Бала бакчалардын толук кандуу иштешине уруксат берилет

Бала бакчалардын толук кандуу иштешине уруксат берилет.   Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, бирок бул үчүн ордо калаадагы эпидемологиялык абал турукташып, кызматкерлердин 70 пайыы эмделиши шарт.   Санэпидем көзөмөл кызматы ар бир райондогу кырдаалды өзүнчө текшерип, ар бирине өзүнчө уруксат берет. Эске… Кененирээк…

Apple эртең салттуу түрдө жаңы продукциясын тартуулайт

Apple эртең салттуу түрдө жаңы продукциясын тартуулайт. Компаниядан билдиришкендей, иш-чара пандемиядан улам онлайн режимде өтөт. Трансляция Apple сайтында жүрөт.   Күтүлгөндөй, бул ирет 13-муундагы айфондор жана Apple Watch акылдуу сааттарынын 7-сериясы тартууланат. Алдын ала буйрутма берүү   17-сентябрда башталса, расмий сатыкка жаңы товарлар бир жумадан кийин… Кененирээк…

Чүй облусунда эпидемиологиялык кырдаал турукташты

Чүй облусунда эпидемиологиялык кырдаал турукташты. Бул тууралуу брифингде Ысык-Ата райондор аралык мамлекеттик санэпидем көзөмөл  борборунун бөлүм башчысы Акыл Исаев билдирди. Анын айтымында, оруулардын саны күндөн-күнгө азаюуда.   Калкты эмдөө үчүн 129 эмдөө түйүнү жана 12 көчмө бригада иштеп жатат. Учурга карата Чүй облусунда 65 миңден ашык адам… Кененирээк…

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн бирине Айсулуу Тыныбекованын сүрөтү тартылды

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн бирине Айсулуу Тыныбекованын сүрөтү тартылды. Аны тургундар Абдрахманов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйдүн дубалынан көрө алат.   Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медаль багындырды.

Криштиану Роналду кеткенден кийин “Ювентус” турнирдик таблицанын дээрлик аягына түшүп калды

Криштиану Роналду кеткенден кийин “Ювентус” турнирдик таблицанын дээрлик аягына түшүп калды. Италия чемпионатынын 3-турдук оюнунда клуб “Наполиге” 2:1 эсебинде утулду.   Жыйынтыгында, бир упай менен “Ювентус” турнирдик таблицада 16-сапта.   Эске салсак, Криштиану Роналду ушул сезондо “Ювентустан” англиялык “Манчестер Юнайтед” клубуна өттү. “МЮ” үчүн биринчи оюнда эле… Кененирээк…

15-сентябрда өтө турган Билим күнү милициянын өзгөчө көзөмөлү алдында өтөт

15-сентябрда өтө турган Билим күнү милициянын өзгөчө көзөмөлү алдында өтөт. Бишкекте эле коомдук тартипти 500 милиция кызматкери камсыздайт.   Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы окуу жылынын башталышы алдында салттуу түрдө мектептер текшерилди, өзгөчө көңүл өрт коопсуздугуна бөлүндү.   Ар бир мектептин алдында жол инспекторлору… Кененирээк…