Шайлоого карата бир мандаттуу талапкерлерди көрсөтүү башталды.
Процесс добуш берүүгө 45 күн калганда аяктайт, — деп билдиришти БШКдан.
Андан белгилешкендей, саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округунда
бир гана талапкерин көрсөтө алат. Ал эми өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер
БШКга арыз менен кайрылышы керек. Жалгыз талапкер бир гана шайлоо
округунда ат салыша алат. Бир мандаттуу талапкерди каттоо үчүн БШКга
18-октябрга чейин кайрылуу зарыл. Ал эми шайлоо 28-ноябрда өтөт.