Бишкекте окуучулар беткап кийүүгө милдеттендирилет

Бишкекте окуучулар беткап кийүүгө милдеттендирилет. Бул тууралуу ордо калаа вице-мэри Виктория Мозгачева жарыялады. Ал түшүндүргөндөй, окуучулардын саны көп болгондуктан, коопсуз аралыкты сактоо мүмкүн эмес, андыктан, окуучулар беткап тагынып жүрүшү керек.   Мектептерде коронавирустун жайылышын алдын алуунун алкагында мугалимдерди эмдөө уланууда, — деди вице-мэр.   Эске… Кененирээк…

Кемин районунун Ак-Тилек орто мектебинде кошумча корпус ачылды

Кемин районунун Ак-Тилек орто мектебинде кошумча корпус ачылды. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мектеп Бообек айылында жайгашкан. Объект 100 окуучуга чакталат.   Курулуш иштерине жалпысынан 1 миллион 150 миң сом багытталды. Каржылоо жергиликтүү бюджет жана демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлдү.

Бишкектин мектептери окуучуларды кабыл алууга даяр

Бишкектин мектептери окуучуларды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу ордо калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, 250 объект капиталдык оңдоп-тузөөдөн өттү – чатыр, терезелер, сан.тармактар инженердик тармактар жаңыртылып, жаңы эмерек сатылып алынды.   Учурда эмдөөдөн өткөн мугалимдердин пайызын чыгаруу иштери жүрүп жатат.   Андан окуу… Кененирээк…

Эпкин – Баш-Кууганды жолунун курулушуна тендерди кытайлык компания утуп алды

Эпкин – Баш-Кууганды жолунун курулушуна тендерди кытайлык компания утуп алды.   Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, Түндүк-түштүк альтернативалык трассанын бул бөлүгү Жумгал районуна караштуу. 70 чакырымга барабар тилкенин курулушу Азиялык өнүктүрүү банкынын эсебинен каржыланат.   Аталган бөлүктү италиялык компания салмак, бирок өткөн жылдын 1-декабрында… Кененирээк…

БШК талапкерлерге жана партияларга мыйзамсыз үгүттөө иштерине тыюу салына турганын эскертет

БШК талапкерлерге жана партияларга мыйзамсыз үгүттөө иштерине тыюу салына турганын эскертет. Манданттарга талапкерлер ошондой эле, жарандарга акча, баалуу белектерди бербеши керек жана кайрымдуулукка жол жок.   Мунун бардыгы добуштарды сатып алуу катары кабыл алынат. Эске салсак, агитация 29-октябрда старт алып, 27-ноябрь, таңкы саат 8де токтотулат.… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Менделеев, Төкөлдөш, Литовская, Үмөталиев, Киев, Исанов, Кайназарова, Ден Сяопин, Ахунбаев, 7 апрель көчөлөрүндө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкекке 210 жаңы автобус жеткирилди

Бишкекке 210 жаңы автобус жеткирилди. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. 11-сентябрда коомдук транспорт Ала-Тоо аянтында тартууланды.   Экологияга зыянын тийгизбей турган автобустар Өзбекстанда чыгарылган. План боюнча, өзбекстандык компания жыл аягына чейин дагы 350 даана ISUZU автобустарын жеткирет.   Андан кийин 9, 10, 12 метрлик… Кененирээк…

Кеминде токойдон чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Чүйдүн Кемин районундагы тоонун коктусунан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Белгилей кетсек, 7-сентябрь күнү Чоң-Кемин өрөөнүндө Көк-Жар, Борду коктуларында куураган чөптөн, бадалдардан жана дарактардан өрт чыккан. Буга жарандардын шалаакы жана кайдыгер мамилеси себеп болгонун ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкан.