Кыргызстанда шайлоочулардын саны көбөйдү

Кыргызстанда шайлоочулардын саны көбөйдү. БШКнын маалыматына ылайык, парламенттик шалйоого карата добуш берүүчүлөрдүн баштапкы тизмесине 3 миллион 686 миң адам кирди.   Бул 11-апрелде өткөн референдумга катталган шайлоочулардын санынан 81 миңге көп.   Комиссиядан такташкандай, 18 жаштан жогору курактагы, биометрикалык каттоодон өткөн жана жергиликтүү жамааттын мүчөсү… Кененирээк…

Кыргызстанга Кытайдан гуманитардык жардам келди

  Кыргызстанга Кытайдан гуманитардык жардам келди.   Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жүктө 3 миллион даана беткап, 20 миң коргонуучу костюм жана 100 миң даана атайын медициналык маска бар.   Эске салсак, буга чейин Кытайдан гум.жардам иретинде 1 миллион 250 миң дозада Синофарм вакцинасы жеткирилген.

Эртең, 15-сентябрдан тартып Кыргызстанда бардык мамлекеттик бала бакчалар кадимки тартипте иштеп баштайт

Эртең, 15-сентябрдан тартып Кыргызстанда бардык мамлекеттик бала бакчалар кадимки тартипте иштеп баштайт.   Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата бала бакча кызматкерлеринин 82 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.   Кыргызстанда жалпысынан 1 миң 648 мамлекеттик бала бакча бар. алар пандемия башталганда жабылгандан бери иштебей… Кененирээк…