Кыргызстанга Кытайдан гуманитардык жардам келди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жүктө 3 миллион даана беткап, 20 миң коргонуучу костюм жана 100 миң даана атайын медициналык маска бар.
Эске салсак, буга чейин Кытайдан гум.жардам иретинде 1 миллион 250 миң дозада Синофарм вакцинасы жеткирилген.