Кыргызстанда шайлоочулардын саны көбөйдү

Кыргызстанда шайлоочулардын саны көбөйдү. БШКнын маалыматына ылайык, парламенттик шалйоого карата добуш берүүчүлөрдүн баштапкы тизмесине 3 миллион 686 миң адам кирди.

 

Бул 11-апрелде өткөн референдумга катталган шайлоочулардын санынан 81 миңге көп.

 

Комиссиядан такташкандай, 18 жаштан жогору курактагы, биометрикалык каттоодон өткөн жана жергиликтүү жамааттын мүчөсү болгон адам гана добуш бере алат. Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.