Кыргызстандагы акчанын көлөмү кайрадан рекорд койду

Кыргызстан акча базасынын көлөмү боюнча рекордду жаңылады. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат. Статистика 1-августка карата берилди.   Акча базасы 155 миллиард 426,2 миллион сомду түздү. Июлдун башындагы рекорд 153,1 миллиард болчу.   Кеңири аныктамадагы акча базасы 164 миллиард 557,1 миллион болду. Мурунку рекорддо 160,5… Кененирээк…

WhatsApp тиркемесинде көптөн күткөн функция пайда болот

WhatsApp тиркемесинде көптөн күткөн функция пайда болот.   Эми андагы үндүү билдирүүлөрдүн автоматтык түрдө текстке айландырууга мүмкүн. Бул үчүн колдонуучу тиркемеге атайын уруксат бериши керек.   Үндүү билдирүүлөр онлайн форматта текст катары чечмеленет. Учурда жаңычылдык тестирлөөдөн өтүп жатат, жакынкы арада ал бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болот.

Бишкек троллейбус башкармалыгы айдоочуларды кабыл алат

  Бишкек троллейбус башкармалыгы айдоочуларды кабыл алат. Мэриянын маалыматына ылайык, вакансиялар кийинки жылы шаарга 120 электробус келе турганына байланыштуу ачылды.   Мэрия өз кезегинде каалоочуларды өзү окутуп, стажировкага жөнөтүп, расмий түрдө ишке орноштуруп, жакшы айлык берүүнү убада кылат.

Окуучулар аралыктан билим алуудагы кемчиликтерди окуу жылы ичинде жоюшат

Окуучулар аралыктан билим алуудагы кемчиликтерди окуу жылы ичинде жоюшат. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, ведомство атайын программа иштеп чыкты.   Ага ылайык, ар бир мектепте мугалимдер кандай жетишпегендиктер болгонун аныктап, жыл ичинде аларды жоюуга аракет кылышат.   Буга… Кененирээк…

Кыргызстанга унааларды импорттоо көлөмү 3 эсе кыскарды

Кыргызстанга унааларды импорттоо көлөмү 3 эсе кыскарды.   Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, январдан июнга чейин өлкөгө 5 миң 494 жеңил унаа киргизилди. Жалпы суммасы 60 миллион долларга барабар.   Өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгында өлкөгө 20 миң 500 транспорт каражаты импорттолгон. Импорттун жалпы… Кененирээк…

Кылмыш кодексинин жаңы долбоору президенттин администрациясында каралып жатат

Кылмыш кодексинин жаңы долбоору президенттин администрациясында каралып жатат. Бул тууралуу novosti.kgге өлкө башчынын басма-сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.   Анын айтымында, мыйзамга ылайык, бир айдын ичинде документке кол коюлуп, же ал кайра иштеп чыгууга жөнөтүлүшү керек.   Эске салсак, Кылмыш кодексинин жаңы долбоору азыркыдан 92… Кененирээк…

Израилде ит күн сайын автобус менен эс алуу багына саякаттайт

Израилде ит күн сайын автобус менен эс алуу багына саякаттайт.   Сапарга ал жалгыз, ээси жок эле чыгат. Ал паркка башка иттер менен ойнош үчүн барат. Ал жерде ит бир нече саат болуп, кайра автобус менен үйүнө кайтат.   Жол кирени дагы кадимкидей төлөйт. Карта… Кененирээк…

Ошто Бабур атындагы драма театрын калыбына келтирүү иштерии башталды

Ошто Бабур атындагы драма театрын калыбына келтирүү иштерии башталды.   Бул тууралуу шаар башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңылоо иштери кийинки жылдын башында жыйынтыкталат.   Жалпысынан оңдоо иштериние 5 миллион доллар жумшалат. Бабур атындагы өзбек драма театры – Борбор Азиядагы алгачкы маданий жайлардын бири. Ал 1918-жылы… Кененирээк…

Кыргызстанда быйыл 159 миңден ашык бала 1-класска барат

Кыргызстанда быйыл 159 миңден ашык бала 1-класска барат. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында,  Бишкекте 16 миң 863 бала электрондук тизме аркылуу 1-класска катталган.   Ош шаарында 2,5 миңге жакын. Нарын, Талас, Кара-Балта шаарларында миңден ашык, Жалал-Абад шаарында 3 миң, Кара-Суу шаарында 865,… Кененирээк…

“Унаа” мамлекеттик ишканасынын директору Турусбек Түмөнбаев кызматтан бошотулду

“Унаа” мамлекеттик ишканасынын директору Турусбек Түмөнбаев кызматтан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.   Белгилеп кетсек, Түмөнбаев бул кызматка 2020-жылдын октябрында дайындалган. Кийин эл аралык үлгүдөгү транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарын даярдоо тендерде эки эсе кымбат бааланганы аныкталган.