Мектеп мугалимдеринин саны 1 миң 304 жаш кадрга көбөйдү

Мектеп мугалимдеринин саны 1 миң 304 жаш кадрга көбөйдү. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл бюджеттик негизде окууну аяктагандардын ичинен 1 миң 606 адис так бөлүштүрүлдү. 454ү үй-бүлөлүк шартына байланыштуу эркин бөлүштүрүү укугун алышты. Муну менен мугалимдерге муктаж мектептерде педагогдор 81 пайызга толукталды. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Кербен шаардык кеңешин мөөнөтүнөн мурда шайлоого канча каражат сарпталары айтылды

Жалал-Абад облусунун Кербен шаардык кеңешин мөөнөтүнөн мурда шайлоого канча каражат сарпталары айтылды. Борбордук шайлоо комиссиясы чыгымдар сметасы бекитти. Ага ылайык, шаардык кеңештин депутаттарына добуш берүүнү уюштурууга 212 миң сом багытталат. Шайлоонун өзү 28-ноябрда өтөт.

Бишкектин бир катар аймагында электр энергиясы өчүрүлдү

Бишкектин бир катар аймагында электр энергиясы өчүрүлдү. «Түндүк электрден” билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Дэн Сяопин проспектиси, Месарош, 9-январь, Орозов, Жамгырчинов, Кайназарова, Элебесов көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Ак-Босого, Арча-Бешик жана Кайыңды конуштарында жарык жок болот. Убактылуу чектөөлөр үйлөрдөгү электр тармактарын техникалык кароодон өткөрүү жана трансформаторлорду… Кененирээк…

Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү кыймылга ачыла элек

Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү кыймылга ачыла элек. Мэриядан такташкандай, буга чейин Лев Толстой көчөсүнүн 7-апрелден Достоевскийге чейинки бөлүгү 14-октябрдан 17-октябрга чейин оңдоо иштерине байланыштуу жабык болору айтылган. Бирок, тилкеде жумуштар көп болуп, аягына чыга элек. Андан улам, жол бүгүн дагы жабык болот.

Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү тургундар ашар жолу менен курган мектеп ачылды

Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү тургундар ашар жолу менен курган мектеп ачылды. Чөгөм айылында жайгашкан билим берүү мекемеси 40 орунга ылайык жана анда 1-класстан 4-класска чейинки окуучулар окуйт. Белгилеп кетсек, айылдагы мектеп алыс жайгашкандыктан, окуучулар 3 чакырым жолду басып өтүшөт. Андан улам, башталгыч класстын окуучулары… Кененирээк…

Бишкектин бир катар аймагында 5 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймагында 5 күнгө газ өчүрүлөт. “Газпром Кыргызстан” ишканасынан билдиришкендей, (бүгүнтөн тартып жумага) 18-октябрдан 22сине чейин Путепроводная көчөсү — Чыгыш Чоң Чүй каналы, Виноградная — Ауэзов көчөлөрү, Туңгуч кичи району, Алтын-Ордо конушунда көгүлтүр от берилбейт. Убактылуу өчүрүүлөр Рухий-Мурас конушуна газ киргизүү иштерине байланыштуу.

Боом капчыгайында унаалардын кыймылы татаалданат

Боом капчыгайында унаалардын кыймылы татаалданат. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, бүгүнтөн тартып 22-октябрга чейин таштарды атайылап кулатуу иштери жүрөт. Андан улам, аталган күндөрү саат 9дан 3кө чейин жол маалы менен жабылат. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тараптуу гана жүрөт.

15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн белгиленген тарифтер жарыяланды

Энергетика министрлиги 15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн белгиленген тарифтерди жарыялады. Министрлер кабинети бекиткен документке ылайык, калк 700 кВт саатка чейинки электр энергиясы үчүн 77 тыйындан, андан ашса, 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда жашагандар керектөөнүн көлөмүнө карабай, 77… Кененирээк…