Мектеп мугалимдеринин саны 1 миң 304 жаш кадрга көбөйдү

Мектеп мугалимдеринин саны 1 миң 304 жаш кадрга көбөйдү.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл бюджеттик

негизде окууну аяктагандардын ичинен 1 миң 606 адис так бөлүштүрүлдү.

454ү үй-бүлөлүк шартына байланыштуу эркин бөлүштүрүү укугун алышты.

Муну менен мугалимдерге муктаж мектептерде педагогдор 81 пайызга толукталды.

Белгилеп кетсек, жаш адистерди мамлекеттик бөлүштүрүү аймактардан берилген

муктаждык боюнча өтүнмөлөргө ылайык, жылына бир жолу ишке жүргүзүлөт.