Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү тургундар ашар жолу менен курган мектеп ачылды.
Чөгөм айылында жайгашкан билим берүү мекемеси 40 орунга ылайык жана анда 1-класстан
4-класска чейинки окуучулар окуйт. Белгилеп кетсек, айылдагы мектеп алыс жайгашкандыктан,
окуучулар 3 чакырым жолду басып өтүшөт. Андан улам, башталгыч класстын окуучулары үчүн
өзүнчө мектеп куруу демилгеси көтөрүлдү. Буга чейин алар имамдын үйүнөн билим алып келишкен.