Ноябрда кыргызстандыктарды катары менен 4 күндүк эс алуу күтүп турат

Ноябрда кыргызстандыктарды катары менен 4 күндүк эс алуу күтүп турат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, 7-ноябрь быйыл жекшембиге туура келет, мыйзамга ылайык, андан кийинки иш күн дем алыш болуп жарыяланат.   Демек, 6-7-8-9-ноябрда 5 күндүк график менен иштеген кыргызстандыктар ишке чыкпайт. Эске салсак, 2017-жылдан… Кененирээк…

Кыргызстанда ар кандай даражадагы чиновниктер шайлоого аттангандыктан кызматтарын тапшырууда

Кыргызстанда ар кандай даражадагы чиновниктер шайлоого аттангандыктан кызматтарын тапшырууда.   Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, алардын арасында айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери жана башкалар бар.   Боршайкомдон эскертишкендей, августта өлкөдө жаңы Конституциялык мыйзам ишке кирди. Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер шайлоого катыша турган болсо, милдеттүү түрдө ээлеген… Кененирээк…

Парламенттик шайлоого катыша турган эл аралык байкоочуларга чакыруулар жөнөтүлүп жатат

Парламенттик шайлоого катыша турган эл аралык байкоочуларга чакыруулар жөнөтүлүп жатат. Бул процесс тууралуу кененирээк БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров айтып берет.   “Биз чакыруу бергенбиз. Бизге чет мамлекеттерден катыштыгы боюнча ниетин билдирип келип атат. Бардыгын каттайбыз, тиешелүү күбөлүк беребиз. Эми саны боюнча мен азыр… Кененирээк…

Бишкекте ушул жумада аба-ырайы туруксуз болот

Бишкекте ушул жумада аба-ырайы туруксуз болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, 21-октябрдан 24үнө чейин абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бейшембиде шамал болот, жумада кескин суук каптап, жамгыр жаайт, кечинде кар түшөт. Ишембиге караган түнү үшүк жүрөт. Жолдордо муз тоңот. Ал эми дем алыш күндөрү кайрадан +10…15 градус жылуу… Кененирээк…

Бактияр Алиев Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды

КТРКнын мурдагы жетекчиси Бактияр Алиев Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, аны жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды. Б.Алиев 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын 15-октябрына чейин КТРКнын башкы директору болуп иштеген. 2021-жылдын май айынан бери социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев болчу. 9-октябрда ал Социалдык фонддун төрагалыгынан кеткени… Кененирээк…

Кыргызстанга ушул айдын аягында Pfizer вакцинасы жана декабрда Moderna препараты келиши күтүлүүдө

Кыргызстанга ушул айдын аягында Pfizer вакцинасы жана декабрда Moderna препараты келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө Синофарм AstraZeneca жана QazVac вакциналары жеткиликтүү. Андан улам, жарандарга эмдөөдөн өтүү сунушталат. Бүгүнкү күндө вакцина ала турган топко кирген жарандардын 40… Кененирээк…

Эртең, 19-октябрда Бишкектин айрым райондорунда таза суу жок болот

Эртең, 19-октябрда Бишкектин айрым райондорунда таза суу жок болот. Мэриянын маалыматына караганда, эртең мененки саат 9дан кечки 9га чейин Сыдыгалиев көчөсү, Чоң Чүй каналы, Фучик жана темир жол линиясы менен чектешкен аймакта, Кызыл-Аскер, Достук кичи райондорунда жана 110-кварталда суу өчүрүлөт. Ошондой эле аталган аймактарга тиешелүү… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинаны калктын 40 пайызы же 1,5 миллиондон ашык адам алды

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинаны калктын 40 пайызы же 1,5 миллиондон ашык адам алды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, вакцина ала турган топко кирген жарандардын саны республика боюнча 2 миллион 249 миңди түзөт. Бейшеналиев белгилегендей, биздин республикада учурда коронавирус боюнча эпидемиологиялык… Кененирээк…

Кытайлык келин үлпөт тоюнда жолдошу белек кылган 60 килограммдык зер буюмдарды көтөрө албай калды

Кытайлык келин үлпөт тоюнда жолдошу белек кылган 60 килограммдык зер буюмдарды көтөрө албай калды. Timesnownews жарыялагандай, мындай өзгөчө учур Хубэй провинциясында катталды. Жигиттин туугандары бир нече алтын билерик, ар бири бир килограмм болгон 10 алтын шуру белек кылды. Анын баарын тагынып алган кыз баса албай… Кененирээк…

Түркиянын Анкара шаарында IV эл аралык искусство фестивалында кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды

Түркиянын Анкара шаарында IV эл аралык искусство фестивалында кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды. Ага Болотбек Мамбетов, Үмүт Мамбетова жана Азизбек Сулаймановдун эмгектери коюлду. Кыргызстандык сүрөтчүлөр менен катар көргөзмөгө 35 өлкөнүн скульпторлору катышууда. Иш-чаранын максаты – чет өлкөлүк искусство адамдарын жергиликтүү түрк сүрөтчүлөр менен тааныштырып, тажрыйба алмашуу.… Кененирээк…