Бишкектин бир катар аймагында 5 күнгө газ өчүрүлөт.
“Газпром Кыргызстан” ишканасынан билдиришкендей,
(бүгүнтөн тартып жумага) 18-октябрдан 22сине чейин
Путепроводная көчөсү — Чыгыш Чоң Чүй каналы,
Виноградная — Ауэзов көчөлөрү, Туңгуч кичи району,
Алтын-Ордо конушунда көгүлтүр от берилбейт.
Убактылуу өчүрүүлөр Рухий-Мурас конушуна
газ киргизүү иштерине байланыштуу.