Кыргызстанда быйыл кумшекердин баасы былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 15 сомго кымбаттады
Кыргызстанда быйыл кумшекердин баасы былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 15 сомго кымбаттады. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, ушул тапта кумшекердин бир килограммы өлкөдө орточо эсеп менен 69 сомдун тегерегинде сатылып жатат. Ведомстводон белгилегешкендей, баанын эң көп өсүшү Оштун Кара-Суу районунда, Балыкчы шаарында жана Баткенде катталды.