Жалал-Абадда капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин бала бакча колдонууга берилди. Шаар мэриясынан билдиришкендей, 3 кабаттуу мектепке чейинки билим берүү мекемесин калыбына келтирүү үчүн калаа бюджетинен 3 миллион сом бөлүнгөн.
Мэриядан такташкандай, жыл башынан бери Жалал-Абадда жалпысынан 7 бала бакча толугу менен ондолду.