Кыргызстанда бензин 8 сомго, дизелдик отун 12 сомго кымбатташы күтүлүүдө.
Мунай ташуучулар ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдиргендей,
АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 64 сомго жана дизелдик отун 65 сомго жетиши мүмкүн.
Кыргызстандын бир айлык дизелдик отунду керектөөсү 45 миң тонна. Андан улам Россия
рыногунда суроо-талап көп болуп, алар бааны дароо тоннасына 170 долларга кымбаттатты.
Учурда кичи жана орто компаниялар баанын кескин кымбатташына байланыштуу
өлкөгө күйүүчү-майлоочу майларды өз алдынча импорттой албай жатат.
Андан улам, ири компанияларга күч келүүдө.