Коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаган медицина кызматкерлерине октябрь
үчүн компенсация төлөнүп берилди. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан
билдиришкендей, бул максатта жалпысынан 44 миллион 396 миң сом багытталды.
Акчаларды 3 миң 931 кызматкер алды. Алардын ичинде дарыгерлер, орто жана
кичи медперсоналдар, ошондой эле башка кызматкерлер дагы бар.