Талас облусунда перинаталдык борбор пайда болот.
Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, медициналык мекеме облустук бириккен
оорукананын базасында курулат. Учурда объекттин техникалык
документтери даярдалууда. Курулуш иштерине 6 миллион доллар
багытталат. Каражатты Германия өнүктүрүү банкы бөлүп берет.
Курулуш иштерин 2022-жылы баштоо пландалууда.