Instagram Threads мессенжери жабылат

Марк Цукербергдин Meta компаниясына таандык Instagram Threads мессенжери жабылат.

Threads — Инстаграм үчүн кошумча тиркеме. Анда колдонуучулар менен тексттик

билдирүүлөрдү, видеолорду, сүрөттөрдү жана окуяларды, ошондой эле смартфондун

жайгашкан жерин, кыймыл ылдамдыгын жана кубаттуулуктун абалын бөлүшүүгө болот.

Threads колдонуучулары кызматтын жакын арада токтотулушу тууралуу

эскертмелерди алышат жана ал жыл аягына чейин толук өчүрүлөт.