Жогорку Кеңешти шайлоого мекемеден тышкары добуш берүү 27-ноябрда өтөт

Жогорку Кеңешти шайлоого мекемеден тышкары добуш берүү 27-ноябрда өтөт.

БШКнын маалыматына ылайык, жарандардан билдирүүүлөр 25-ноябрга чейин

кабыл алынат. Алсак, майыптыгы бар жана жашы улгайган адамдар, шайлоо

тилкесине келүүгө мүмкүнчүлүгү жоктор, алыскы аймактарда убактылуу

жашагандар жана башка аймакта кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлери

шайлоого үйдөн катыша алышат. Шайлоо комиссияларынын кызматкерлери

аталган добуш берүүчүлөргө мекемеден тышкары шайлоону

1 күн эрте уюштуруп берүүгө милдеттүү.