Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык,
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 47-беренесинин
1-бөлүгүнө ылайык, Кадыркулов Максат Турганалиевич Кыргыз Республикасынын
Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу
президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.