Жалал-Абадда 28-ноябрда парламенттик шайлоо менен бирге 1 шаар, 2 айыл аймакта
жергиликтүү кеңештер шайланат. БШКнын облустагы өкүлү Турусбек Өмүрзаков билдиргендей,
бул күнү Кербен шаарында, Терек-Сай айыл аймагында жана Тогуз-Торо айыл өкмөтүндө
жергиликтүү кеңештер тандалат. Шайлоону уюштуруучу операторлор окуудан өткөрүлдү,
алар толук даяр. Белгилеп кетсек, Жалал-Абад облусу боюнча 452 шайлоо тилкеси бар.