Ысык-Көл облусунда кышкы туристтик сезон учурунда 700дөн ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт

Ысык-Көл облусунда кышкы туристтик сезон учурунда 700дөн ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Novosti.kgге коомдук коопсуздук боюнча башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мирбек Табалдиев билдирди. Анын айтымында, тартип сактоочулар Ысык-Көл облусунун ар бир районуна бөлүнөт жана алар негизинен жөө жүрүп, күнү-түнү 2 сменде… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстанга зер боюмдар былтыркыдан дээрлик 10 тоннага көп импорттолду

Быйыл Кыргызстанга зер боюмдар былтыркыдан дээрлик 10 тоннага көп импорттолду. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, быйыл январдан сентябрга чейин өлкөгө 12 тонна 300 килограмм кымбат баалуу металлдан жасалган зер боюм алынып келинди. Анын жалпы суммасы 4 миллион 800 миң долларды түздү. Ал эми 2020-жылы Кыргызстанга… Кененирээк…

Кыргызстанда добуш берүүчүлөрдүн саны 97 миңге көбөйдү

Кыргызстанда добуш берүүчүлөрдүн саны апрелдеги шайлоого салыштырмалуу 97 миңге көбөйдү Муну менен шайлоочулардын саны 3 миллион 703 миң 420га жетти. Анын ичинен 84 миңи чет өлкөдө жашагандар, — дешти БШКдан. Добуш берүүчүлөр боюнча бардык маалыматтар «Тизме» порталына жайгаштырылды жана толук тизме бардык шайлоо тилкелерине илинди.… Кененирээк…

Октябрь РИИБдин жетекчисинин орун басары үй камагына чыгарылды

Буга чейин кармалган Октябрь РИИБдин жетекчисинин орун басары Бегайым Турапова үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту 20-ноябрда чыгарды. Ал 18-январга чейин күчүндө болот. Аскер прокуратурасы Турапованы шылуундукка шектелип кармалган А.Т. аттуу жаранга карата козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түшүргөн. Ушул эле иштин алкагында буга… Кененирээк…

Бишкек-Дели-Бишкек багыты боюнча жаңы каттам ачылды

Бишкек-Дели-Бишкек багыты боюнча жаңы каттам ачылды.   Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Аба майдандын маалымаматына ылайык, алгачкы каттам чартердик негизде 19-ноябрда ишке ашырылды.   Эми аталган багыт боюнча каттамдарды ар апта сайын жума күндөрү ишке ашыруу пландалууда.

Экономика министрлиги АИ-80, АИ-92 үлгүсүндөгү бензинге жана дизелдик отунга бааларды 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салууну сунуштады

Экономика министрлиги АИ-80, АИ-92 үлгүсүндөгү бензинге жана дизелдик отунга бааларды 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салууну сунуштады. Токтом долбоору министрлер кабинетинин сайтында коомдук талкууга коюлду.   Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, жыл башынан бери республика боюнча АИ-80 үлгүсүндөгү бензин орточо эсеп менен 23 сомго, АИ-92 —… Кененирээк…

Легендарлуу  “Сениби, шашпа” же “Ну, погоди” мультфильми жаңы версияда тартылды

Легендарлуу  “Сениби, шашпа” же “Ну, погоди” мультфильми жаңы версияда тартылды. “Союзмульфильм” студиясы тасманын 3D трейлерин YouTube каналына жарыялады.   Белгилеп кетсек, мультфильмдин жаңы версиясында карышкыр тамеки тартпайт жана алкоголдук ичимдиктерди ичпейт. Бирок видеооюндарга ашыгы менен берилгендиги чагылдырылган.   Андан тышкары, бир нече жаңы каармандар кошулду.… Кененирээк…

Москва мамлекеттик университетинин Ош шаарындагы филиалынын курулушу аяктады

Москва мамлекеттик университетинин Ош шаарындагы филиалынын курулушу аяктады. Бул тууралуу ОшМУдан билдиришти. Маалым болгондой, имарат жаңы окуу жылында ачылат деп пландалууда.   Белгилеп кетсек, бул жерде студенттер акысыз негизде билим алат. Ал эми негизги сабактарды Москвадан келген педагогдор окутушат. Михаил Ломоносов атындагы Россиянын эң абройлуу… Кененирээк…

Ошто дагы көмүр 3 миң сомдон сатыла баштады

Ошто дагы көмүр 3 миң сомдон сатыла баштады. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда кара отун Өзгөн районунун 15 жаш айылындагы карьерден алынып келинип, Ноокат, Кара-Суу, Кара-Кулжа жана Араван райондорунда сатылууда. Жеткиликтүү баадагы көмүр жакынкы арада башка райондордо дагы сатылып баштайт.  … Кененирээк…

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактарга жана чет өлкөлөрдө жайгашкан шайлоо тилкелерине бюллетендерди жөнөттү

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактарга жана чет өлкөлөрдө жайгашкан шайлоо тилкелерине бюллетендерди жөнөттү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.   Маалыматка ылайык, бирдиктүү шайлоо округу боюнча 3 миллион 702 миңден ашык бюллетень, бир мандаттуу округдардан шайлоого 3 миллион 630 миңге жакын бюллетень басып чыгарылды.   Эске салсак, Кыргызстанда… Кененирээк…