Ошто Москва мамлекеттик университетинин филиалынын курулушу аяктады

Ошто Москва мамлекеттик университетинин филиалынын курулушу аяктады.

Ош мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштары департаментинин

маалыматына ылайык, мекеме азырынча пайдаланууга бериле элек. Объектин

бардык талаптарга жооп берери текшерилип кабыл алуу жүрүүдө. Күтүлгөндөй,

филиалдын эшиктери студенттер үчүн кийинки окуу жылында ачылат. Эске салсак,

республикада МГУнун филиалын ачуу чечими 2019-жылы россия жана

кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда кабыл алынган.