Айдоочу күбөлүгүнө  сынак тапшыруу процессине эми онлайн көз салса болот

Айдоочу күбөлүгүнө  сынак тапшыруу процессине эми онлайн көз салса болот. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, “Унаа” ишканасынын аймактык бөлүмдөрүнүн класстарына камералар орнотулду.   Алар теориялык экзаменди алуу үчүн ачык процессти камсыздайт.   Белгилеп кетсек, айдоочулукка сынакты ийгиликтүү тапшыргандар деп 25 мүнөттүн ичинде 20 суроонун 18… Кененирээк…

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы өсүүдө

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы өсүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, баарынан да тооктун жумурткасынын, картошканын, күрүчтүн жана жылкы этинин баасы кымбаттады.   Баанын өсүшү өткөн айга салыштырмалуу орточо эсеп менен 2 сомдон 4 сомго чейин болду. Ошондой эле нан, суу май, кумшекер, сүт, чай бир сомго… Кененирээк…

Парламенттик шайлоонун добушстарын кол менен саноого 3 күн талап кылынат

Парламенттик шайлоонун добушстарын кол менен саноого 3 күн талап кылынат.   Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Андан белгилешкендей, кол саноо процедурасы талапкерлердин, партия жана коомдук уюмдардын байкоочулардын катышуусунда ачык-айкын өтүп жатат. Автоматтык саноо урналарынын алдын ала жыйынтыгы менен чоң айырма деле болбойт, — дешти комиссиядан.  … Кененирээк…

Ак-Ордо конушундагы мончодо элди тапанча менен коркуткан киши кармалды

Ак-Ордо конушундагы мончодо элди тапанча менен коркуткан киши кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 29-ноябрда саат 21:10дор чамасында “102” кызматына Ак-Ордо конушундагы Гагарин көчөсүндө жайгашкан мончолордун биринде белгисиз жаран тапанча менен жарандарды коркутуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул… Кененирээк…

“Мамлекеттик ипотекалык компания” президенттин мурдагы үйүн сатыкка койду

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК Бишкек шаары Кудайбергенов көчөсү, 81а дарегинде жайгашкан турак-жайды сатуу боюнча ачык аукцион жарыялайт. Компаниянын расмий сайтында маалымдалгандай, сатуу 2021-жылы 24-декабрда саат 11:00дө өтөт. Алдын ала аукцион өткөрүлүүчү жер — Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 228. “Мамлекеттик ипотекалык компания президент белек кылган үйдү… Кененирээк…

Кыргызстанда эркектерге караганда аялдардын билим деңгээли жогору

Кыргызстанда эркектерге караганда аялдардын билим деңгээли жогору. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинен беришти. Былтыр ар кандай жумуштарда иштегендердин арасында жогорку кесиптик билими бар аялдар 28 пайызды, эркектер 19 пайызды түзгөн. Ошол эле учурда быйыл жогорку окуу жайларга тапшырган студенттердин арасында кыздар 52 пайызды ээлесе, орто… Кененирээк…

Коронавирустун жаңы штаммы катталган өлкөлөрдөн келгендер Кыргызстанга киргизилбейт

Коронавирустун жаңы штаммы катталган өлкөлөрдөн келгендер Кыргызстанга киргизилбейт. Вирустун очогу чыккан өлкөлөрдүн тизмеси чек ара кызматына берилди. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Андан белгилешкендей, 1-декабрдан тартып өлкө аймагына кирген бардык жарандардан эмдөөдөн өткөндүгүн тастыктаган сертификатынан тышкары дагы ПЦР-тесттин терс жыйынтыгы болушу керек. Белгилеп… Кененирээк…

Азырынча 8,94 пайыз бюллетень жараксыз

Парламенттик шайлоодо шайлоочуларга берилген бюллетендердин болжол менен 10 196 даанасы же 8,94%ы жараксыз болуп чыкты. БШКнын расмий сайтындагы маалымат боюнча, акыркы жыйынтык бюллетендерди кол менен саноо процесси аяктаганда белгилүү болот. Автоматтык эсептөө урналары кабыл албаган айрым бюллетендер кол менен санагандан кийин жарактуу болушу ыктымал. 2020-жылдын… Кененирээк…

Эртең “Жылдын мыкты спортчулары” сыйланат

Эртең “Жылдын мыкты спортчулары” сыйланат. Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чара дүйнөлүк мелдештерге катышкан спортчулардын кызыл килемден өтүшүнөн башталып, салтанаттуу азем менен коштолот. Муну менен быйыл сыйлык тапшыруу аземи 7-ирет уюштурулат. Спортчуларды сыйлоо иш-чарасы филармонияда өтөт.

Улуттук банк эсептик ченди 8 пайызга чейин жогорулатты

Улуттук банк эсептик ченди 8 пайызга чейин жогорулатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалат. Чечим бүгунтөн тартып күчүнө кирет. Буга чейин эсептик чен 7,5 пайыз болчу. Ар кандай тобокелдиктер пайда болгон учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан акча-насыя саясатына кошумча оңдоолорду киргизүүнү четке какпайт. Белгилеп кетсек, Эсептик… Кененирээк…