Улуттук банк эсептик ченди 8 пайызга чейин жогорулатты

Улуттук банк эсептик ченди 8 пайызга чейин жогорулатты.

Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалат. Чечим бүгунтөн тартып күчүнө кирет.

Буга чейин эсептик чен 7,5 пайыз болчу. Ар кандай тобокелдиктер пайда болгон учурда

Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан акча-насыя саясатына кошумча оңдоолорду

киргизүүнү четке какпайт. Белгилеп кетсек, Эсептик чен бул – Улуттук банктын

коммерциялык банктарга берген каражатынын пайыздык көрсөткүчү.

Коммерциялык банктар ушул ставка аркылуу кардарларга насыя берет.