Кыргызстанда эркектерге караганда аялдардын билим деңгээли жогору

Кыргызстанда эркектерге караганда аялдардын билим деңгээли жогору.

Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинен беришти.

Былтыр ар кандай жумуштарда иштегендердин арасында жогорку

кесиптик билими бар аялдар 28 пайызды, эркектер 19 пайызды түзгөн.

Ошол эле учурда быйыл жогорку окуу жайларга тапшырган студенттердин

арасында кыздар 52 пайызды ээлесе, орто кесиптик окуу жайларга киргендер

56 пайызга жетти. Андан тышкары, аспирантурада окугандардын

60 пайызы жана докторантурадагылардын 69 пайызы аялдар.