Бийлик Бишкектин көчөлөрүнө 2 миң автобус кое берүү ниетинде

Бийлик Бишкектин көчөлөрүнө 2 миң автобус кое берүү ниетинде. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен болгон жолугушуусунда билдирди. Жапаров белгилегендей, учурда жеткирүүчүлөрдү тактоо маселеси чечилүүдө. Мамин долбоорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди. Анын айтымында, Казакстанда чыгарылган электр автобустары үнөмдүүлүгү,… Кененирээк…

Кыргызстанда такси кызматында иштегендер эми Ички иштер министрлигинен лицензия алышы керек

Кыргызстанда такси кызматында иштегендер эми Ички иштер министрлигинен лицензия алышы керек. Мындай чечим президент Садыр Жапаровдун «Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгында белгиленген. Таксисттерге лицензия кандай берилери азырынча белгисиз. Мыйзам долбоорун министрлер кабинети иштеп чыгып, парламенттин кароосуна жөнөтүшү керек.

“Унаа” мамлекеттик ишканасы Ички иштер министрлигинин кармагына өтөт

“Унаа” мамлекеттик ишканасы Ички иштер министрлигинин кармагына өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Ага ылайык, ИИМ жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жооптуу мамлекеттик орган болуп аныкталып, анын карамагына бир катар мекемелер өткөрүлөт.   Анын ичинде Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Унаа” мамлекеттик… Кененирээк…

Кыргызстан менен Казакстан биргелешип кант өндүрүшү мүмкүн

Кыргызстан менен Казакстан биргелешип кант өндүрүшү мүмкүн. Коңшу мамлекет кант кызылчасын жана чийки кант өстүрүү боюнча ишкана ачууну сунуштады.   Бул тууралуу эки өлкөнүн премьер-министрлеринин Нур-Султан шаарындагы жолугушуусунда белгилүү болду.   Тагыраагы, казак тарап кумшекер өндүргөн кыргызстандык ишкерлер менен тажрыйба алмашууга кызыкдар экени айтылды.

Мамлекеттик салык кызматы декларациялык кампаниянын жыйынтыгын чыгарды

Мамлекеттик салык кызматы декларациялык кампаниянын жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, салык төлөөчүлөр 2019-20-жылдардын жыйынтыгы боюнча   1 миллиондон ашык декларация тапшырган.   Отчеттук документти 50 миң 525 уюм, 227 миң  950 жеке ишкер, 130 миң 955 ишкердик менен алектенбеген жеке жак, 51 миң 176 салык салынуучу кирешеси… Кененирээк…

Кыргызстанга чет элден келген инвестициянын агымы 26 пайызга өстү

Кыргызстанга чет элден келген инвестициянын агымы 26 пайызга өстү.   Былтыркы жылдын 9 айына салыштырмалуу быйыл январдан сентябрга чейин чет элдик инвестициялардын агымы 503 миллион доллардан ашты.   Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады. Тыштан келген инвестициялардын басымдуу бөлүмү же 96 пайызга жакыны геологиялык чалгындоо… Кененирээк…

Салык кызматы 11 айда 95 миллиард сом салык чогултту

Салык кызматы 11 айда 95 миллиард сом салык чогултту. Ведомствонун басма-сөз кызматынан кабарлашкандай, белгиленген план 104 пайызга аткарылды же 3 миллиард 851 миллион сомго ашыгы менен жыйналды.   Белгилеп кетсек, салык былтыркы жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 25 миллиард сомго көп топтолду.

Кочкордо прокуратуранын жаңы имараты ачылды

Кочкордо прокуратуранын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу ведомствонун басма-сөз кызматынан билдиришти.   Буга чейин Нарындагы райондук прокуратура кызматкерлери 1963-жылы курулган 4 бөлмөлүү имаратта иштеп келишсе, эми    2 кабаттуу мекеме толугу менен аяктап, бардык шарттары, зарыл болгон заманбап жабдуулар менен камсыздалды.   Иш-чаранын жүрүшүндө, аталган… Кененирээк…

Евробиримдик Кыргызстанга чек ара көйгөйлөрүн чечүү үчүн 700 миң евро бөлүп берет

Евробиримдик Кыргызстанга чек ара көйгөйлөрүн чечүү үчүн 700 миң евро бөлүп берет.   Бул тууралуу уюмдун Бишкектеги жыйынында белгилүү болду. Маалыматка караганда, биримдик техникалык жардам дагы көрсөтөт.   Евробиримдиктин аймактык программасы региондогу коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоого багытталган. Ал Борбор Азия өлкөлөрүндө чек араны комплекстүү башкаруу… Кененирээк…

Россияда коронавируска каршы тапшырылган ПЦР-тесттин жарактуу мөөнөтү 72 сааттан 48 саатка кыскартылды

Россияда коронавируска каршы тапшырылган ПЦР-тесттин жарактуу мөөнөтү 72 сааттан 48 саатка кыскартылды РИА Новости Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Поповага таянып билдиргендей, чечим коронавирустун өтө жугуштуу “омикрон” штаммы жайылып жатканына байланыштуу кабыл алынды.   Белгилеп кетсек, учурда Россияга бара турган кыргызстандыктар милдеттүү түрдө 72 сааттан кечиктирбей ПЦР-тест тапшырып,… Кененирээк…