Кыргызстанга чет элден келген инвестициянын агымы 26 пайызга өстү

Кыргызстанга чет элден келген инвестициянын агымы 26 пайызга өстү.

 

Былтыркы жылдын 9 айына салыштырмалуу быйыл январдан сентябрга чейин чет элдик инвестициялардын агымы 503 миллион доллардан ашты.

 

Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады. Тыштан келген инвестициялардын басымдуу бөлүмү же 96 пайызга жакыны геологиялык чалгындоо ишканаларына, өндүрүш, кен казуу, каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, дүң жана чекене соодага, ошондой эле маалымат жана байланыш тармактарына багытталган.