Салык кызматы 11 айда 95 миллиард сом салык чогултту

Салык кызматы 11 айда 95 миллиард сом салык чогултту. Ведомствонун басма-сөз кызматынан кабарлашкандай, белгиленген план 104 пайызга аткарылды же 3 миллиард 851 миллион сомго ашыгы менен жыйналды.

 

Белгилеп кетсек, салык былтыркы жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 25 миллиард сомго көп топтолду.